Штаб КР по COVID-19
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
23-мартта саат 13:00 Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевдин катышуусунда өзгөчө кырдаал: COVID-19 вирусунун экономикага тийгизген таасири боюнча онлайн пресс-конференциясы өтөт.
Аны түз эфирде ЭлТР, “Ынтымак” каналдарынан, Кыргыз Өкмөтүнүн facebook баракчасынан жана youtube каналынан көрө аласыздар. Ошондой эле Биринчи радиодон, ЭлFM радиосунан жана “Кабар” агенттигинен дагы түз ободо берилет.
Суроолорду төмөндөгү шилтемеге жибериңиздер: https://docs.google.com/document/d/1_jm5CSoWV32yinE_iLQDKMwsNU0D6iTsbSqMrU__d70/edit?usp=drivesdk
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊
Выборы в местные кенеши Баткенской, Джалал-Абадской, Нарынской, Иссык-Кульской, Чуйской, Ошской областей и города Ош перенесены из-за режима чрезвычайной ситуации в республике.
http://www.president.kg/ru/sobytiya/ukazy/16375_podpisan_ukaz_opriostanovlenii_meropriyatiy_porealizacii_etapov_izbiratelnogo_processa_viborov_deputatov_mestnih_keneshey_batkenskoy_dghalal_abadskoy_narinskoy_issik_kulskoy_chuyskoy_oshskoy_oblastey_igoroda_oshkr
-------------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб 🔊
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештерине шайлоо республика аймагына өзгөчө кырдаал режими киргендигине байланыштуу жылдырылды.
http://www.president.kg/kg/okujalar/zharlyktar/16376_krbatken_ghalal_abad_narin_isik_kl_chy_oshoblustarinin_ghana_oshshaarinin_ghergilikt_keeshterinin_deputattarin_shayloodogu_shayloo_processinin_etaptarin_ishke_ashiruu_boyuncha_ish_charalardi_toktotup_turuu_ghnnd_gharlikka_kol_koyuldu
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб 🔊
Оорунун белгилери (ысык дене табы, кургак жөтөлү) жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар эскпресс-тесттерин тапшыра албайт. Эске салсак, кечээ Кыргызстан дагы 5000 экспресс-тест сатып алган. Алар коронавирустун бар-жогун мурдагыдай 5 саатта эмес, 15-20 минута ичинде аныктайт. Мындан сырткары Россиядан дагы кошумча тесттер келет. Тест-системаларынын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.
-------------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊
Лица, у которых не наблюдаются симптомы заболевания (высокая температура, сухой кашель) и кто не контактировал с больными не смогут сдавать экспресс-тесты. Напомним, накануне Кыргызстан закупил еще 5000 экспресс-тестов. Данные тесты позволяют определить наличие коронавируса, не как раньше в течении 5 часов, а за 15-20 минут. Кроме этого, прибудут дополнительные тесты из России. Большее количество тест-систем направлены в Джалал-Абадскую область.
Штаб КР по COVID-19
Штаб КР по COVID-19
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Ага онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.
https://www.gov.kg/ky/post/s/birinchi-vitse-premer-ministr-kubatbek-boronov-infektsiyanyn-zhayyluusuna-zhol-berb-chn-ar-kim-belgilengen-erezhelerdi-saktoogo-tiyish
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб 🔊
“Жарандарыбызды балдары менен сейилдөөдөн, конокко баруудан жана коомдук жайларга баруудан баш тартууга дагы бир ирет чакырабыз. Тилекке каршы, айрымдар карантинди туугандар жана достор менен баарлаашуу убактысы катары кабыл алууда. Ата-энелер изоляция жана санитардык чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек”, – КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
--------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊
“Мы еще раз призываем наших граждан, воздержаться от прогулок, походов в гости и посещения общественных мест с детьми. К сожалению, некоторые воспринимают карантин, как время для общения с родственниками и друзьями. Родители должны понимать, что нужно ответственно подходить к изоляции и санитарным мерам,” – начальник управления общественного здравоохранения Министерства здравоохранения КР Айнура Акматова.
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб 🔊

Кыргызстандыктарды түшүнүүгө жана тынчтыкка, ал эми айрым ММКларды кырдаалды курчутпоого чакырабыз

Коронавирусттук инфекциянын жайылышына байланыштуу азыр бүткүл дүйнө жүзүндө абал татаал болуп турат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Биз баарыбыз жарандарыбыздын коопсуздугуна коркунуч жараткан бул олуттуу маселеге чогуу каршы турушубуз керек.

Азыр баарыбыз күчүбүздү бириктирип, бири-бирибизге жардам беришибиз зарыл. Ошондой эле тартипти сактоону жана дүрбөлөңгө түшпөөнү унутпоого тийишпиз.

Биз бардык кыргызстандыктарды, журналисттерди, блогерлерди жана социалдык тармактардын колдонуучуларын өлкөдөгү кырдаалды курчутпоого, эмоцияга алдырбай, мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.

Биз жагдай азыркыдан дагы оор болуп калышы мүмкүн экенин унутпашыбыз керек. Ар бир адам өзүнүн жакынын алдындагы жоопкерчилигин түшүнүп, үйдөн чыкпай, гигиена эрежелерин сактоого тийиш.

Азыр бардык кыргызстандыктар үчүн оңой болгон жок. Айрыкча катардагы дарыгерлерге, медайымдарга, вирусологдорго жана башка ыкчам кызматтардын адистерине. Биз алардын өз жанын аябагандыгы, кайраты, элине берилгендиги жана баарыбыздын коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн саат сайын туш болгон тобокелдиктердин алдындагы тайманбастыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Ушул кыйын учурда аларга жана мамлекетке ар бириңиздердин колдооңуздар маанилүү. Биз баарыбыз биримдикте медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүүгө, аларды жөнсүз айыптоо менен ансыз да жеңил эмес жагдайды курчутпоого тийишпиз.

Обсервация жана карантин жайларындагы жарандарды сабырдуу болууга, болгон шарттарга түшүнүү жана чыдамкайлык менен мамиле кылууга чакырабыз. Мамлекет жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттин жумшап жатат. Биз сиздерге бекем ден соолук жана кайраттуулукту каалайбыз.

Биз массалык маалымат каражаттарына коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чараларды ыкчам жана кеңири чагылдыруулары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок, тилекке каршы, айрым журналисттер жана ММКлар жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатып, дүрбөлөң салып, республикада кырдаалды курчуткан учурлар бар.
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊

Призываем кыргызстанцев к пониманию и спокойствию, а отдельные СМИ просим не нагнетать ситуацию

Сейчас во всем мире наблюдается непростая ситуация из-за распространения коронавирусной инфекции. В Кыргызстане введен режим чрезвычайной ситуации. Мы все должны сплотиться перед этим серьёзным вызовом, представляющим угрозу для безопасности наших граждан.

Сейчас нам всем необходимо объединить усилия, сплотиться и помогать друг другу. Также нельзя забывать о дисциплине и не допускать паники.

Мы призываем всех кыргызстанцев, журналистов, блогеров и пользователей социальных сетей, не нагнетать ситуацию в стране, не поддаваться эмоциям и с понимаем отнестись к тем временным мерам, которые предпринимают государственные органы.

Мы не должны забывать, что ситуация может усугубиться. Каждый человек должен понимать ответственность перед своими близкими, находиться дома, соблюдать правила гигиены.

Всем кыргызстанцам сейчас нелегко. Особенно простым врачам, медсёстрам, вирусологам и работникам других экстренных служб. Мы выражаем им большую благодарность за их самоотверженность, отвагу, преданность перед народом и бесстрашие перед рисками, с которыми они ежечасно сталкиваются, чтобы обеспечить нашу с вами безопасность.

В этот непростой момент им и государству важна поддержка каждого из вас. Мы все должны показать свою сплочённость, оказать поддержку медицинским работникам и не нагнетать и так непростую ситуацию, предъявляя им беспочвенные обвинения.

Граждан, находящихся в местах обсервации и карантине, мы призываем сохранять спокойствие, проявить понимание и терпение к имеющимся бытовым условиям. Государство прилагает все возможные усилия для обеспечения безопасности и здоровья граждан. Мы желаем вам крепкого здоровья и крепкого духа.

Мы благодарим средства массовой информации за оперативное и широкое освещение принимаемых Правительством мер по предотвращению распространения коронавируса. Однако, к сожалению, имеются случаи, когда отдельные журналисты и СМИ, распространяя ложные и непроверенные сообщения, сеют панику и нагнетают ситуацию в республике.
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб 🔊
ДССУ маалыматтарына ылайык, 2020-ж. 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган.
Ошондой эле РФте – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.
----------------------------------
🇰🇬 COVID-19 Республиканский штаб 🔊
Согласно данным ВОЗ на 23 марта известно о 294 110 случаев коронавирусной инфекции в 187 странах. Зарегистрировано 12 944 случаев смерти. Наибольшее количество зараженных наблюдается в Китае (81 499), Италии (53 578), Испании (24 926), Иране (21 638), Германии (21 463).
Также зарегистрировано в РФ – 367, Казахсстане – 59, Узбекистане – 42 , Кыргызстане - 14 случаев.
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19 Республиканский штаб
🔊
➡ Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу финансылык жардам иретинде түшүп жаткан акча каражаттарына тийиштүү төмөнкүлөрдү билдиребиз.

💰 Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебине түшөт.
Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат.

❗ Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.
--------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб

➡ Относительно денежных средств, поступающих от физических и юридических лиц, в качестве добровольной финансовой помощи для борьбы с распространением коронавирусной инфекции на территории Кыргызской Республики, сообщаем следующее.

💰 Все добровольные финансовые пожертвования будут поступать на счет Министерства финансов Кыргызской Республики.

На сегодняшний день ни один сом из тех средств, которые уже поступили от физических и юридических лиц, не истрачен.

Министерство финансов Кыргызской Республики на регулярной основе будет информировать общественность страны о количестве поступивших средств и их целевым расходованием.

❗ За прозрачным расходованием поступающих финансовых средств контроль будет осуществлять специально созданный наблюдательный совет, в состав которого войдут члены Правительства Кыргызской Республики, депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, представители гражданского общества и бизнеса.
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб 🔊
23-март саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. COVID-19 вирусуна менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.
------------------------------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊
На 09:00 час. 23 марта в Кыргызстане новых случаев заражения коронавирусом нет. Всего больных COVID-19 – 14, из них 6 мужчин и 8 женщин. Среди больных состояние 2 пациентов в Джалал-Абадской области оценивается как средней тяжести, мужчина 1949 г.р. переведен в реанимацию. Состояние остальных – относительно удовлетворительное. Выявлено 2628 человек, которые контактировали с заражёнными. Все они взяты под домашний карантин.
Штаб КР по COVID-19
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Чектөөлөр киргизилгенине карабастан, чет өлкөдөгү жарандарыбызды мекенине кайтарууга аракет көрүлүүдө.
https://www.gov.kg/ky/post/s/premer-ministr-mukhammedkalyy-abylgaziev-adamdyk-sapattarybyz-zhana-baaluuluktarybyz-ushundayda-bilinet
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19:Республиканский штаб 🔊
💉 Разработка и испытание вакцины от коронавирусной инфекции займёт не менее года, сообщили в ВОЗ.
Потенциальную вакцину получат миллиарды людей, поэтому будет соблюдаться особая осторожность, ведь она должна быть абсолютно безопасной и никому не навредить.

“Сейчас в мире разрабатывается около 20 вакцин от коронавируса. В частности, уже проходят испытания американской вакцины. В ближайшее время специалисты начнут испытывать еще несколько препаратов на основе нуклеиновых кислот”, - заявил директор программы ВОЗ по чрезвычайным ситуациям Майкл Райан.
-----------------------
COVID-19: Республикалык штаб 🔊
💉 Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Бул туурасында Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунан билдиришти.
Потенциалдуу вакцина менен миллиарддаган адам эмделет, ошондуктан өзгөчө сактык камсыздалат. Анткени ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбөөгө тийиш.

“Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташат”, - деп билдирди ДССУ программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан.
Штаб КР по COVID-19
🇰🇬 COVID-19:Республиканский штаб 🔊
Частный предприниматель подарил Нарынской области 9 машин скорой помощи.
-----------------------
🇰🇬 COVID-19:Республикалык штаб 🔊
Жеке ишкер Нарын облусуна 9 жаӊы тез жардам унаасын белекке берди.
Штаб КР по COVID-19
COVID-19: Республикалык штаб 🔊
Кыргызстан коронавирусту тез аныктоочу 5000 экспресс-тест сатып алды
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустук инфекцияны тез аныктоочу 5000 экспресс-тест сатып алды.
Экспресс-тесттер республиканын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу жана болтурбоо боюнча КР Каржы министрлигинде ачылган атайын эсептик каражатка сатылып алынды.
Экспресс-тесттин салттык тестирлөө ыкмалардан артыкчылыгы - жөнөкөйлүгүндө, арзандыгында жана жыйынтыгынын тез чыгышында.
Бул тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирустун бар экендигин аныктоого жана республикада вирустун жайылышын таратпоого артыкчылык берет.
Серологиялык реакция улана берсе, милдеттүү түрдө ПЦР анализ жүргүзүлөт.
Адистер эртеңки күндөн баштап коронавирусту дал ушул экспресс-тесттердин жардамы менен аныктай башташат.
Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жаңы коронавирусту аныктоодо оң тажрыйбаларын көрсөткөн.